Улгайган адамдын ден соолугуна кантип кам көрүү керек?

Sputnik
Адам улгайганда организмдин иштөөсү өзгөрүп, иммунитет начарлап, ар түрдүү ооруларга кабылуу тобокелчилиги жогорулайт. Мындай шартта ден соолукка кам көрүү олуттуу маселе. Адистер карыган адамдын ден соолугуна кам көрүү дары-дармек менен гана чектелбестигин, туура тамактануу, күнүмдүк кыймыл-аракет, психологиялык абалдын орду да өзгөчө экенин белгилеп келишет. Бүгүнкү программада биз дал ушул улгайган адамдын ден соолугуна кантип кам көрүү керектиги тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга КРСУнун №2 Терапия кафедрасынын жетекчиси, геронтологдор жана гериатрлар коомунун президентти, медицина илимдеринин доктору Ибрагим Сабиров жана КММАнын госпиталдык терапия кафедрасынын доцентти, Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан сырткары башкы геронтологу, медицина илимдеринин кандидаты Мира Арстанбекова жооп берди.