Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар "Иннопром. Беларусь" көргөзмөсүнө коюлду

Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргызстан жана башка КМШ өлкөлөрү "Иннопром. Беларусь" көргөзмөсүндө өздөрүнүн продукцияларын сунушташты. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн Telegram каналы жазды.
Иш-чара 29-сентябрдан 1-октябрга чейин Минскидеги эл аралык Belexpo көргөзмө борборунун аймагында өтүп жатат.
Кыргызстандын улуттук стендин "Кыргыз экспорт" борборунун директору Урмат Такиров тааныштырды. Анын айтымында, республика быйыл үчүнчү жолу КМШ өлкөлөрүнө өз өндүрүшүн көргөзүп жатат.
Андан тышкары, Евразия экономикалык комиссиясынын стендинде уюмдун кооперациялык долбоорлорго финансылык жардам көрсөтүү механизми менен колдоо алган ишканалардын товарлары коюлган. Учурда бул багытта эки долбоор ишке ашууда. Алар — Казакстан менен Россиядагы темир жол жана айыл чарба машиналарын өндүргөн заводдор.
Көргөзмөнү уюштургандардын айтымында, аталган иш-чара Беларустагы мазмундуу жана технологиялык маанилүү окуялардын бири. Ага катышкандар өндүрүштү комплекстүү санариптештирүү, бизнес үчүн санариптик технологиялар, ийгиликтүү эл аралык бизнес үчүн ийкемдүү экспорт сыяктуу темаларды да талкууга алышат.
Касымалиевдин Беларуска сапарынын жыйынтыгында кол коюлган документтер. Тизме