Бишкек шаарында "Евразия" социалдык дүкөнүнүн үчүнчүсү ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Бишкек шаарында "Евразия" социалдык дүкөнүнүн үчүнчүсү ачылганын "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюмунан билдиришти.
Дүкөн Акматбек Сүйүмбаев көчөсү, 17 дарегинде, Москва көчөсү менен кесилишкен жерде жайгашкан.
"Евразия Кыргызстандын" аймактык кеңсесинин директору Кымбат Урумкулованын айтымында, суроо-талап жогору болгондуктан социалдык дүкөндөрдү ачуу мындан ары да улана бермекчи.
1 / 4

Бишкек шаарында "Евразия" социалдык дүкөнүнүн үчүнчүсү ачылганын "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюмунан билдиришти

2 / 4

Дүкөн Акматбек Сүйүмбаев көчөсү, 17 дарегинде, Москва көчөсү менен кесилишкен жерде жайгашкан

3 / 4

"Евразия Кыргызстандын" аймактык кеңсесинин директору Кымбат Урумкулованын айтымында, суроо-талап жогору болгондуктан социалдык дүкөндөрдү ачуу мындан ары да улана бермекчи

4 / 4

Биздин уюм калктын аялуу катмарын колдоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууда

"Биздин уюм калктын аялуу катмарын колдоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууда. "Евразия" социалдык дүкөндөрү — ошонун бири. Анда керектүү азык-түлүктү жана товарларды арзан сатып алууга болот. Калктын аялуу катмарына карата жеңилдик кылуу — биздин негизги артыкчылык", — деди Урумкулова.
Белгилей кетсек, мындай социалдык дүкөндөрдөн борбордо үчөө иштеп жатат. Алар төмөнкү даректерде жайгашкан:
Токтогул көчөсү, 146/1;
Асанбай кичи району, 8/3;
Акматбек Сүйүмбаев көчөсү, 17 (Москва көчөсү менен кесилишет).
"Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюму эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүп, салттуу баалуулуктарды сактоого жана улуттар аралык баарлашууну өнүктүрүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууну максат кылат. "Евразия" социалдык маанилүү демилгелерди колдойт, ар кандай маданиятты алып жүргөн адамдарга бири-бири менен баарлашууга мүмкүнчүлүк берет. Билим берүү, медицина, жаштар чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырат.
Азык-түлүк дагы да арзандайт. "Евразия" дүкөнү "социалдык себет" долбоорун баштады