РКӨФ "Каркыраны" кеңейтүүгө 800 миң доллар бөлмөкчү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Түп районундагы жылдын төрт мезгилинде тең иштей турган "Каркыра" туристтик комплексин куруунун экинчи этабын каржылоо тууралуу келишимге кол койду.
Долбоор заманга бап келген туристтик инфраструктураны түптөө максатында түзүлдү.
"Каркыра" долбоорунда кооз капчыгайда заманбап коттедждери, рестораны бар борборду түзүү каралган.
Биринчи этапта долбоордун демилгечиси өз каражатынын эсебинен бир нече объектини курган. РКӨФтүн каражаты комплексти кеңейтүүгө багытталат. Тагыраагы, ал акчага бассейн курулуп, коттедждер эмерек менен жабдылып, аймак мындан ары көрктөндүрүлмөкчү.
РКӨФ жетекчиси Артем Новиков алар бөлө турган 800 миң доллар инфраструктураны кеңейтүүгө, туристтик жайларды жаңылоого жана эс алуучулар үчүн жайларды салууга жумшаларын айтты.
"Кыргызстан тейлөөсү тартипке салынган, иреттүү туризмге өтүп жатат. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча анын үлүшү экономикада 10 пайызга өсүп, жалпы 65 пайызды түздү. Бул курорт Ысык-Көл облусунун аймагында ири тоо-лыжа кластерин ишке ашыруунун маанилүү элементи болуп калат. Биз жөн гана өзүнчө бир объектиге эмес, туристтик толук экосистеманы түзүүгө инвестиция салып жатабыз", — деди Новиков.
РКӨФтөн экинчи этаптын ишке ашырылышы туристтердин санын көбөйтүп, аймак үчүн байкаларлык социалдык-экономикалык таасир берерин айтышты. Жаңы жумуш орундар түзүлөт, Түп районунун инвестицияга ыңайлуулугу жогорулайт.
РКӨФ Жалал-Абадда күнүнө 27 миң жумуртка өндүргөн фабриканы каржылады