Путин россиялыктарды жаңы аймактардын кошулган күнү менен куттуктады

Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Донецк, Луканск республикалары менен Херсон, Запорожье облустарынын Россиянын курамына кошулушу менен куттуктады. Видеокайрылуу Кремлдин сайтына жарыяланды.
Ал ДЭР, ЛЭР, Запорожье жана Херсон облустарынын жашоочулары Россия менен бирге болууну чечип, келечегин өз алдынча жана эркин аныктап алышканын белгилеген.
"Биз эртеңин тандап алган бир туугандарыбызды колдоп, жасай турган нерсебизди аткардык, бул сыймыктанчу иш", — деген Россия лидери.
Путин россиялыктар биримдикти, улуттук кызыкчылыктарды жана баалуулуктарды коргоп күрөшүп жатканын, акыры жеңишке жетерин кошумчалаган.
РФ лидери токтолгон учурлар:
өлкө жаңы региондордун кошулушу менен сыймыктанат;
аскер адамдарынын аракети менен Россиянын коопсуздугу сакталып турат, Донбасс менен Новороссияга көптөн күткөн бекем тынчтык орнойт;
Россия — кандай гана тоскоолдук болбосун, баарын жеңүүгө дарамети жеткен улуу жана көз карандысыз мамлекет;
кошулган региондорду өнүктүрүү маселелеринин баары чечилет, бийлик аймактардын ири өнөр жай, агрардык, илимий жана маданий потенциалын ачууга шарт түзүп берет;
жаңы региондорду калыбына келтирип эле тим болбостон, ондогон жылдар бою эч кимдин колу тийбеген инфраструктураны иретке келтирүү зарыл;
төрт аймакта 23,5 миңден ашуун турак жай жана социалдык объект, 6,3 миң чакырым жол оңдолду.
Эскерте кетсек, ДЭР, ЛЭР, Запорожье жана Херсон облустарынын Россиянын курамына кирүү боюнча референдумдар 2022-жылдын 23-27-сентябрында өтүп, 30-сентябрда Владимир Путин аймактардын Россияга кошулушу тууралуу регион жетекчилери менен келишимге кол койгон.
Путин: Россия экономикасы жогорку айлык төлөнүүчү экономикага айланышы керек