Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025

Садыр Жапаров парламенттик шайлоону 30-ноябрга дайындады

Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңешке шайлоо 30-ноябрда болот. Президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койгонун маалымат кызматынан кабарлашты.
Документте шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөрү көрсөтүлгөн.

"Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына, жекшембиге, дайындалсын. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун", — деп айтылып, андан аркы жасалуучу процедуралар белгиленген.

30 округдан 90 депутат

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлөт. Алардын ар биринен үчтөн депутат шайланат. БШК шайлоо күнү дайындалгандан кийин 7 күндүн ичинде шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын түзүп, бекитиши керек.
Жалпы шайлоочулардын саны округдардын санына тең бөлүнөт. Өлкөдө 4,2 миллион шайлоочу болсо, ар бир округ үчүн орточо 140 миң шайлоочудан тиет. Бирок мыйзамда өз ара чектешпеген аймактардан шайлоо округун түзүүгө жол берилбегендиктен, округдагы шайлоочулардын санында 20 пайызга чейин айырмага уруксат бар. Мисалы, округдардагы шайлоочулардын орточо саны 100 миң деп эсептелсе, бир аймакта 80 миң, дагы биринде 120 миң шайлоочуга чейин болсо болот. Округдарга бөлүүдө республиканын административдик-аймактык бөлүнүшү да эске алынат.
Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025
Парламент өзүн-өзү таркатты. Мындан аркы процедура кандай болот?