БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Европа Россия менен жаңжалдашып, согуштун жаңы түрүнө тушугууда. Бул тууралуу Польшанын премьер-министри Дональд Туск коопсуздук боюнча форумда сүйлөп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз муну каалаган жок элек. Согуштун жаңы түрү экенин кээде аягына чейин түшүнүү кыйын, бирок бул кадимки согуш", — деди өкмөт башчы.
Тусктун айтымында, ушу тапта Европада коомдук пикирди калыптандыргандар бүтүндөй Батыш элин, трансатлантикалык коомчулукту азыркы тирешүүнүн, пикир келишпестиктин согушу экенине ынандырышы керек.
"Эгер биз бул согуштан жеңиле турган болсок, кесепети биздин эле урпактарга эмес, келечектеги муундарга да тиет. Польша, бүтүндөй Европа, АКШ, дүйнө жүзү жапа чегет", — деди ал.
Премьер коомчулуктун бир бөлүгү Украинада болуп жаткан окуяларга кийлигишүүнү туура эмес көргөнүнө нааразы болду.
Эскерте кетсек, сентябрда Парижде Улуу Британиянын премьери Кир Стармер жана Франция президенти Эммануэль Макрондун төрагалыгы менен "каалоочулар коалициясынын" жолугушуусу болуп өткөн. Саммиттин жыйынты боюнча Макрон 26 мамлекет атышуу токтогондон кийин Украинага аскердик контингентин жайгаштырууга макул экенин билдирген болчу.
РФ ТИМи НАТО мамлекеттеринин аскер күчтөрүнүн Украинада ар кандай шылтоо менен жайгашуусу Россия үчүн кабыл алынгыс нерсе экенин белгилеп, абал курчуп кетиши толук ыктымалдыгын эскерткен. Украина аймагына аскер жайгаштыруу ниетин Москва согуштук аракеттерди улантуучу чагым деп эсептээрин билдирип келет.