БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Венгр премьер-министри Виктор Орбан АКШ президенти Дональд Трамптын Украина мурдагы аймактарын кайтарып алышы мүмкүн дегенине үн катып, Россия кармашта жеңгенин жана бул жааттагы кеп-сөз токтошу керектигин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Мурдараак, БУУнун Башкы Ассамблеясында Трамп Владимир Зеленский менен жолуккандан кийин ЕБдин көмөгү менен "Украина өзүнүн аймагын баштапкы түрүндө кайтарып алышы мүмкүндүгүн жана андан ары да баруу ыктымалдыгын" айткан эле.
Зеленский көп өтпөй буга таң калгандыгын билдирген. Трамп муну менен катар эле Украинанын кыймылга келишине мезгил жеткенин да кошумчалаган.
"Американын президенти бул жаатта пикиримди сураган. Мен согуштун жыйынтыгы белгилүү болуп, чечилип калганын, орустар жеңгенин айттым. Бул маселеге чекит коюлган", — деген Орбан телеканалдагы программанын жүрүшүндө.