Милиция Ысык-Көлдө 17 жаштагы кыз өлтүрүлгөн кылмыштын чоо-жайын тактады

Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдө изделип, сөөгү Кеминден табылган 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны зордуктап өлтүргөн факт боюнча Ички иштер министрлиги маалымат таратты.
Милиция кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында кармалган 41 жаштагы шектүү учурда абакта. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен иш козголду.
1 / 2

Honda Stream машинасы

2 / 2

Жеңиш айылындагы алма бак

Окуя боюнча облустук милициянын хронологиясы:
27-сентябрда саат 20:30дар чамасында Айсулуунун апасы 17 жаштагы кызы Караколго таанышыныкына кетип, дайынсыз болуп жатканын кабарлаган;
ыкчам иштер жасалып, анын натыйжасында кыздын ошол күнү саат 12:45терде Honda Stream машинасына отурган учурун Барскоондун кире беришиндеги май куйган бекеттин камерасынан таап чыгышкан;
шектүү жабырлануучуну Жеңиш айылындагы алма бакка алып барган. Болжол менен саат 13:00дө зордуктап, андан кийин Кажы-Сай айылынын чыгышындагы көлмөгө алып барып муунтуп өлтүргөн;
кийин Айсулуунун сөөгүн Кеминдин Жел-Арык айылынан табышкан;
шектүү кылмыштын изин жашырууга аракет кылып, автоунаасын жууп-тазалап, таштап кеткен. Ал эми телефону менен SIM-картасын жок кылган;
милиция 41 жаштагы шектүүнү Бишкектеги кичи райондордун биринен кармаган. Ал буга чейин бир нече ирет соттолгон.
Белгилей кетсек, Ички иштер министрлиги элди расмий маалымат булактарына гана ишенүүгө чакырды. Социалдык түйүндөрдө чындыкка дал келбеген билдирүүлөр тарап жатканы айтылды.
ИИМ: камералардан улам өлкөдө ачылбай калган оор кылмыш жок