БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Мамлекеттик органдардагы маалымат катчынын ишинин өзгөчөлүгү тууралуу "Кумтөр Оперейтинг Компани" ишканасынын маалымат кызматынын адиси Марат Кыдыралиев айтып берди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн SputnikPro долбоорунда тажрыйбасы менен бөлүштү.
Кыдыралиевдин айтымында, учурда мамлекеттик органдардын маалымат кызматтарына жакшы көңүл бурулат. Чакан түзүмдөрдө бир-эки адис, чоң мекемелерде ондогон кызматкерден турган толук кандуу бөлүм иштейт. Заманбап техникалары, ал тургай өзүнчө телестудиялары да бар.
Адис маалымат катчы маанилүү кызматтардын бири болуп саналарын белгиледи. Алар жетекчи менен түзмө-түз иштегендиктен кеңешчи, жардамчы сыяктуу жакын кызматкерлерден болушат.
"Кумтөр Оперейтинг Компани" ишканасынын маалымат кызматынын адиси Марат Кыдыралиев
© Sputnik / Антон Слонь
"Адатта алар жетекчи менен кошо келип, кошо кетишет. Ар дайым бардык окуялардан кабардар болушат. Бул өз кезегинде тажрыйба топтоого жана байланыш түзүүгө жардам берет", — деп белгиледи Кыдыралиев.
SputnikPro — бул өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖ студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларында башталып, Беларусь, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.
2018-жылдан бери жолугушуулар 24 өлкөдө жана 80ден ашуун онлайн-режимде өткөрүлдү. SputnikPro катышуучуларынын саны 12 700дөн ашат.