Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025

Алдыдагы парламенттик шайлоону өзүм көзөмөлдөйм. Садыр Жапаров элге кайрылды

Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. "Добуш сатып алам" деп келген талапкерлерди эл арасына алып чыгып, катуу уяткарыңыздар. Мындай чакырыкты президент Садыр Жапаров ноябрь айында өтө турган парламенттик шайлоо боюнча элге кайрылуусунда салды.
Өлкө башчы бийлик таза шайлоо үчүн бардык шарттарды түзүп бергенин, эми шайлоочулар добушун сатпай, татыктууларды тандашы керектигин белгилеген.
Садыр Жапаровдун сөзүнүн урунттуу учурлары:
өлкө башчы парламенттин мөөнөтүнөн мурда таркашын колдогон депутаттарга ыраазычылык билдирди;
ал эки шайлоо беш жыл сайын биринин артынан бири өтсө БШК үчүн кыйынчылык жаратарын, саясий стабилдүүлүккө залакасын тийгизиши мүмкүн экенин айтты;
"бир жылдан кийинки президенттик шайлоого кам көрүп жатат" деген сөздү четке какты. Президент эч бир депутаттан тарагыла деп суранбаганын, 5 жыл мурун элдин 80 пайызынын колдоосу менен өткөнүн, кийинки шайлоого талапкерлигин койсо 90 пайыз менен өтөрүнө ишенерин белгиледи;
Кыргызстандагы үч төңкөрүш тең шайлоонун айынан болгонун эске салды. Эми шайлоого адам факторлору аралаша албайт. Эски шайлоо системасы жок болуп, баары санариптешип, автоматташтырылды;
"өзүбүздүн бала" деген түшүнүктөн да алыс болууга чакырды. "Таза шайлап үйрөнүңүздөр. Добушуңуздарды сатпаңыздар" деди президент:
“жол, мектеп, бала бакча салып берем” же “асмандагы Айды алып берем” дегендерге ишенбөө керектигин айтты. Депутат деген эч нерсе куруп бербейт, ал мыйзам жазат;
айыл өкмөттөн баштап президенттикке чейинки ар бир мамлекеттик кызматкерди шайлоонун жүрүшүнө аралашпоого чакырды. Аралашкандар жазаланат;
талапкерлердин эл менен болгон чогулушуна барып катышууга тыюу салынбайт;
шайлоону калыс катары баштан-аяк өзү көзөмөлдөйт.
Эске салсак, бүгүн Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону 30-ноябрда өткөрүү жөнүндөгү жарлыкка кол койгон.
Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025
Парламент өзүн-өзү таркатты. Мындан аркы процедура кандай болот?