Кыргыз волейболчулары кум үстүндөгү волейбол боюнча тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпионатына барат. Биринчилик 15-19-октябрда Мексикада өтүп, 21 жашка чейинки курактагылар ат салышарын Роза Расулбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дүйнө чемпионатындагы көрсөткүч 2026-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алууга жол ачат.
"Өлкөдө волейболго кызыккан кыздардын, волейбол командаларынын саны өсүп, атаандаштык күчөп жатат. Мисалы, быйылкы өлкө чемпионаты абдан жогорку деңгээлде өттү. Кыргызстандын Волейбол федерациясы дүйнөлүк аренага чыгуу, бул спортту жайылтуунун аракетин көрүп жатат. Кум үстүндөгү волейбол боюнча жакшы кадамдар бар. Кыргыз волейболчулары кум үстүндөгү волейбол боюнча тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпионатына барабыз. Биринчилик 15-19-октябрда Мексикада өтүп, 21 жашка чейинкилер намыс талашабыз. Өлкө атынан мен жана Айтурган Айтбекова катышабыз", — деди Расулбекова.
Ошондой эле ал волейбол боюнча эл аралык тажрыйбасы бар машыктыруучулар көбөйүшү керектигин кошумчалады.