БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Жалал-Абадда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен күнүнө 27 миң жумуртка чыгарган тоок фабрикасы ачылды.
Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, фонд бул долбоорго 500 миң доллар бөлүп, анын эсебинен жем чыгаруучу чакан ишканасы бар заманбап комплекс курулган. Ошондой эле жабдуу жана канаттуулар сатып алынган.
Фабрикада дан өстүрүүдөн тартып, тоют даярдоо жана продукцияны жергиликтүү базарларга жеткирүүгө чейинки толук цикл менен иштеген система түзүлгөн.
"Фабрика күнүнө 27 миң жумуртка өндүргөн кубаттуулукка жетип, продукция Жалал-Абад облусунун базарларын толук камтууда. Ишкананын күнүнө 7 тоннадан ашык жем чыгарган фабрикасы дагы бар. Бул өз кезегинде сапатты көзөмөлдөп, импорттон көз карандылыкты азайтууга шарт түздү", — деп белгилеген фонддун башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков.
Учурда ишканада 13 жумуш орду түзүлгөн. Алдыда алардын саны 25ке чейин көбөйөт.