БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы жыл сайын 100 чакырым жол оңдоо максатын койду. Бул тууралуу вице-мэр Рамиз Алиев билдирди.
Ага окуу жылы башталганга чейин эле жолдорду оңдоп коюуга болбойт беле деген суроо узатылган.
"Бизде план бар, ошол боюнча иштеп жатабыз. Административдик-аймактык реформадан кийин Бишкек үч эсе чоңойду. Калаанын жолдору азыр 2800 чакырымды түзүүдө. Жарымы оңдоого муктаж. Эми элестетип көрүңүз, эгер биз жолдорду мурдагыдай темп менен, тагыраагы, 10-20-30 чакырымдан оңдой турган болсок, анда буга болжол менен 80 жыл кетет. Жол кайра эле бузуларын дагы эске алыш керек. Мэрия жыл сайын 100 чакырым жолду жасоо планын койду. Оңдоп-түзөө иштеринин кызуу учуру өттү. Жакын арада борбордук көчөлөр даяр болот, эмдиги жылы чет жактардын жолдорун жасай баштайбыз. 108 чакырым жолду быйыл биринчи ирет жасап жатабыз, ошондуктан шаардыктар түшүнүү менен мамиле жасайт деп үмүт артам", — деди Алиев УТРКнын эфиринде.
Анын айтымында, 15-ноябрга чейин иш соңуна чыгат. Чоң жолдордон Лев Толстой менен Дэн Сяопин гана калды. Бүгүн Лев Толстой толугу менен ачылса, эки жумадан кийин Дэн Сяопин проспекти ишке берилет.
"Келерки жылы Шабдан баатыр, Анкара, Фучик, Лев Толстой көчөлөрүнө көпүрөлөрдү куруу пландалууда. Мындан тышкары, Ауэзов көчөсүнүн Жибек Жолунан Түштүк магистралга чейинки бөлүгү алты тилкелүү болот", — деди Алиев.