Бул — тарыхтагы советтик ар улуттан, анын ичинде Кыргызстандан да барган жоокерлер болуп көрбөгөндөй эрдик көрсөткөн салгылаштардын бири. Тагыраагы, 1941-жылы 30-сентябрда тарыхта калган окуя — Москва үчүн кармаш башталган.
Немецтердин Москваны басып алуу аракеттери СССР үчүн чечүүчү кадам эле.
Согуштун башталышы, сентябрдын аягына карата немецтердин аскердик күчү совет армиясына караганда кыйла артыкчылыкка ээ болгон. Аларда эки миллион аскер болсо, советтик жоокерлер 1,2 миллионго чукул эле. Аскердик техника боюнча да душмандар үстөмдүк кылган.
Немецтер үчүн биринчи жана эң маанилүү ката Тула шаарын басып алууга жасалган аракеттерде болгон. Баатыр шаар чабуулдун мизин эки ирет ийгиликтүү кайтарып, Москва үчүн коргонуунун жүрүшүндө каршылаштардын түштүк флангын сестендирип кармап турган. Бул немецтерге Москваны акыркы ирет басып алуу үчүн күчтөрүн топтоого тоскоол болду.
Жыйынтыгында фашисттер Москвадан 25 чакырым аралыкта токтотулган. 5-декабрда Кызыл Армия контрчабуул баштап, ал эми 8-декабрда Берлинден немец армиясына фронттун бардык аймагында коргонууга өтүү буйругу берилет.
Ошентип гитлердик күчтөрдүн "Тайфун" операциясы ийгиликсиз болуп, ишке ашпай калган.