Ажырашуудан кийин адамдардын калыбына келиши: үй-бүлөнүн урашына эмне себеп?

Sputnik
Кыргызстанда ажырашуу маселесижылдан-жылга курчуп, коомдук маанилүү көйгөйлөрдүн бири болуп калды. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, акыркы жылдары өлкөдө ар үч никеден бири ажырашуу менен аяктап, бул көрсөткүч жыл сайын өсүүдө. Өзгөчө жаштар арасында ажырашуу көп катталып, алардын көбү никенин алгачкы беш жылында эле эки жолго түшүп жатышат. Ажырашуунун негизги себептери катары ишенимсиздик, экономикалык кыйынчылыктар, зомбулук жана эмоционалдык байланыштын жоктугу болууда. Психологдордун айтымында, ажырашуу адамдын психо-эмоционалдык абалына чоң сокку уруп, ал тургай ден соолукка да зыян келтириши мүмкүн. Ошондуктан ажырашуу учурунда психо-эмоционалдык абалыбызга кантип кам көрүү керектигин "Көз мончок" программасынан уга аласыздар.