Үй жаныбарларынан адамга жугуучу зооноздук оорулар ден соолукка олуттуу коркунуч жаратат. Мындай ооруларга кутурма, токсоплазмоз, эхинококкоз, бруцеллез, пастереллез жана листериоз сыяктуу илдеттер кирет. Бул оорулар көбүнчө жаныбарлардын заарасы, шилекейи жана чийки эти, сүтү аркылуу жугат. Мисалы, жыл сайын 1000 адам малдан бруцеллез оорусун жуктуруп алып кайрылышууда.
Алардын көпчүлүгү балдар. Үй жаныбарынан жуккан оорулар адамдан адамга да жугабы? Кайсы ооруларга каршы эмдөө жасалат? Оору жуккан учурда кандай белгилер байкалат?
Ушул жана башка суроолорго Ветеринардык кызматтын Эпизоотияга каршы көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Кемелбек Абдылүсөнов жана Өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун врач-эпидемиологу Жаркынай Казыбаевадан жооп ала алдык.