Жокорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Табылды Муратбеков президенттин алдында Жаштар иштери боюнча улуттук агенттикти түзүү сунушун берип, анын себебин, артыкчылыктарын айтты. Жаш муундун потенциалын толук ишке ашыруу үчүн мамлекеттик деңгээлде ырааттуу саясат жүргүзүү маселеси, жаштардын коомдогу орду, салымы, жаштар саясаты тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков жана Кыргызстан жаштар кыймылынын өкүлү Марат Мунарбек уулу маек курду.