Кыргызстандык кыз Алматыдагы жарым марафондо биринчи орунду ээледи. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Айнуска Калил кызы Алматы шаарында өткөн жарым марафондо биринчи орунду ээледи.
Уюштуруучулар билдиргендей, жөө күлүк 21,1 чакырым аралыкты 1 саат 17 мүнөт 32 секундада басып өткөн.
Эске салсак, былтыр кыргызстандык спортчу дал ушул аралыкта биринчи келген, бирок кийинчерээк төртүнчү болуп келген беларустук спортчу Светлана Куделичтин машыктыруучусу жана жолдошу арызданган. Натыйжада кыргызстандык спортчу дисквалификацияланып, беларустук спортчу финишке келген үч спортчунун катарына кирген. Куделич бул сапар экинчи келди.
Жарышка 5 000 жөө күлүк чыкты. Snow Leopard Run жарым марафонунан видео