Жаан карга айланып, үшүк жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Апта ортосунда Кыргызстандын аймагында аба ырайы өзгөрөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Маалыматка караганда, 1-2-октябрь күндөрү өлкө боюнча мезгил-мезгили менен жаан жаап, дыйканчылык аймактарда нөшөр карга айланып, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
2-октябрга карата аба ырайы:
Чүй, Таласта түнкүсүн абанын температурасы 1…6, күндүз 10…15 градус;
Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн 9…14, күндүз 16…21 градус;
Ысык-Көл менен Нарындын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15 градуска төмөндөйт.
Ушул эле күнү Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көлдүн дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -1…-3 градуска чейин түшүп, үшүк жүрөт.
"Бийик тоолук райондордо түнкүсүн -5…-10 градуска чейин суук болушу мүмкүн. Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал кармоону кыйындатат", — деп айтылган билдирүүдө.
Апта ортосунда жамгыр жаайт. Бир жумага карата аба ырайы