Кулубаев кыргызстандыктарга АКШга виза берүүнү жеңилдетүү маселесин көтөрдү

Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Кристофер Ландау менен Нью-Йорк шаарында жолугушуп, Кыргызстандын жарандары үчүн визалык талаптарды жеңилдетүү маселесин көтөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Кабарга караганда, алар БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында жолугушкан. Тараптар саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сүйлөшкөнү белгиленген.
"Ошондой эле санкциялык, визалык жана миграциялык маселелер талкууланды. Министр Жээнбек Кулубаев санкцияларга карата тең салмактуу мамиле зарылдыгына жана Кыргызстандын жарандары үчүн визалык талаптарды жеңилдетүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду", — деп айтылат кабарда.
Андан тышкары, кыргыз тарап АКШлык инвесторлорду жана жаңы технологияларды тартууга кызыкдарлыгын, бул үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин билдирген.
Гутерриш Жапаров менен жолугушууда Кыргызстан тез өнүгүп жатканын айтты