БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жалпы узундугу 52 чакырымды түзгөн Түп — Кеген автожолу заманбап стандарттарга ылайык курулуп, бүгүн ачылды. Түп районунда өткөн аземге президент Садыр Жапаров катышканын анын маалымат кызматы билдирди.
Кабарга таянсак, жолдун 39-76-чакырымындагы тилке жана Каркыра — Турук — Сары-Жаз автожолунун 13 чакырымы да толук оңдоодон өткөн.
Аталган жол Ысык-Көл облусу менен Казакстандын Алматы облусун жана Алматы шаарын байланыштырат. Анын курулушуна Дүйнөлүк банк колдоо көрсөткөн.
"Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында жолду кыш мезгилинде тейлөөчү атайын жол техникаларын сатып алуу да каралган. Эми "жол азабы – көр азабы" эмес, алысты жакын кылган жол экени тастыкталат", — деп белгилеген өлкө башчысы.
Жапаров 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин транспорт жана жол тармагына 102 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөнүн кошумчалаган.