БИШКЕК, 29 сен — Sputnik. Кыргызстан менен Беларусь 2030-жылга чейин товар жүгүртүүнү 500 миллион долларга жеткирет. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларуста расмий сапар менен жүрөт. Бир катар документтерге кол коюлуп, бири 2030-жылга чейинки соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жол картасы болду. Анда товар жүгүртүүнү 500 миллион долларга чейин жеткирүү каралган. Өткөн жылы эки өлкөнүн соодасы болжол менен 133 миллион долларды түзгөн.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
Касымалиевдин айтымында, кыргыз-беларус мамилелеринин негизинде достук, көп жылдык байланыштар турат. Кыргыз тарап Беларустун айыл чарба техникасын чогултуучу ишканаларды ачууга, мал чарбачылыгы жана ветеринария багытында тажрыйба алмашууга, ошондой эле туризм тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар.
Белгилей кетсек, Касымалиевдин сапары 29-30-сентябрга белгиленген. Ал КМШнын өкмөт башчылар кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына да катышат.