БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Токмокто айдоочу 5 жаштагы кызы менен жолдон өтүп бара жаткан келинди сүзүп, бөбөк ооруканага жетпей үзүлгөн. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 28-сентябрь күнү болжол менен саат 11:30дар чамасында болгон. Анда Mazda Demio үлгүсүндөгү автоунаанын 41 жаштагы айдоочусу жөө кишилер өтчү чийинден кетип бараткан эне-баланы сүзүп кеткен.
"5 жаштагы бөбөк ооруканага жетпей үзүлгөн, апасы оор жаракат алып Токмок шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, текшерүүдөн кийин айдоочунун баңгизатка мас экени аныкталды", — деп айтылат облустук милициянын маалыматында.
Шектүү айдоочу убактылуу кармоо жайына киргизилип, автоунаа айып короого токтотулду. Тергөө уланууда.