БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Адылбек Касымалиевдин Беларуска сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Тизме:
Жарандардын эки өлкө аймагында жүрүү тартиби жөнүндө макулдашуу;
Дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
Юстиция министрликтеринин кызматташуусу боюнча макулдашуу;
2030-жылга чейинки соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жол картасы (товар жүгүртүүнү 500 млн АКШ долларына чейин жеткирүү планы менен);
Санариптик өнүктүрүү жаатындагы стратегиялык кызматташуу боюнча меморандум;
Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташуу боюнча меморандум;
Улуттук илимдер академияларынын илимий-техникалык кызматташуусу боюнча макулдашуу;
2025–2026-жылдарга юстиция министрликтеринин кызматташуу программасы;
Улуттук стратегиялык демилгелер институту менен Беларусь стратегиялык изилдөөлөр институтунун меморандуму жана 2025–2026-жылдарга иш-чаралар планы;
Мамлекеттик башкаруу академияларынын кызматташуу жөнүндө меморандуму;
2025–2027-жылдарга маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча иш-чаралар планы;
ИИМ менен Беларусь соттук экспертизалар боюнча мамлекеттик комитетинин кызматташуусу жөнүндө макулдашуу;
Баткен облусу менен Брест облусунун кызматташуусу жөнүндө макулдашуу.