Психиатриялык мекемеде кримчөйрө түзүп, короо-короо мал кураган киши кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Психиатриялык мекемеде жазасын өтөп жатып, криминалдык чөйрө түзүп, короо-короо мал курап, байлык топтоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, А.Б. аттуу 40 жаштагы жаран 2018-жылы мурдагы укук коргоо органынын кызматкерин бычактап өлтүрүүгө айыпталган. Тааныштары аркылуу жана коррупциялык жолдор менен психиатриялык экспертизадан "акыл-эси жайында эмес" деген жалган корутунду чыгартып алган. Натыйжада аны сот мажбурлап дарылоого жиберген.
"Ал жактан шектүү айланасына спортчуларды жана башка адамдарды бириктирип, акча чогулткан. Ошондой эле мекеме ичинде жана сыртында өз таасирин кеңейтип, бейтаптар менен соттолгондорду криминалдык түшүнүктөр боюнча көзөмөлгө алган", — деп айтылат кабарда.
Ыкчам маалыматтарда анын мыйзамсыз кирешесине үйлөр, жер тилкелер жана 100дөн ашык жылкы алынганы айтылат. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Уюшкан топ түзүү" беренеси менен иш козголуп, шектүү жаран шериги менен кошо кармалган.
Казакстанда Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалганы айтылды. Видео