БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Ушул жылдын 1-октябрынан тарта "Коопсуз өлкө" долбоорунун камералары коопсуздук курун тагынбаган айдоочу жана жүргүнчүлөрдү автоматтык түрдө аныктай баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, эгерде айдоочу же жүргүнчү коопсуздук курун тагынбай фотого же видеого түшүп калса, аларга башка эреже бузуу фактыларындай эле айып пул салынат.
"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, айдоочулук маданиятты жогорулатуу максатында ушундай эреже кирүүдө", — деп айтылган маалыматта.