БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Адылбек Касымалиев Минскиде КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.
Касымалиев быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленип жатканын эске салды. Анын айтымында, жыл ичинде бир катар эскерүү жана салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп, анын тарыхый маанисине карата бирдиктүү пикир тастыкталды.
Касымалиев КМШ алкагындагы кызматташтык ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, өткөн жылы өлкөлөрдүн жалпы ИДПсы дүйнөлүк ИДПнын 4,4 пайызын түзгөнүн, ал эми 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында өз ара сооданын көлөмү 7 миллиард долларга жеткенин айтты.
“2025-жылдын январь–июнь айларында Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсү 2,73 миллиард долларды түздү. Анын ичинде экспорт 602,1 миллион долларды, импорт 2,13 миллиард долларды түздү. Бул көрсөткүчтөр — шериктештиктеги активдүү өнүгүү, ишкердик жигердүүлүктү арттыруу жана бирдиктүү экономикалык мейкиндикти калыптандыруунун айкын далили”, – деди ал.
Ошондой эле ал Кыргызстан бир катар артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну колдой турганын белгиледи. Алардын ичинде: мультимодалдык транспорт коридорлорун өнүктүрүү, соода жүгүртүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, биргелешкен ишканаларды түзүү жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү бар.
Касымалиев кайра жаралуучу энергияга жана санариптик трансформацияга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Жыйындын жыйынтыгында 15 маселе каралып, 20дан ашуун документке жана чечимдерге кол коюлду.