БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Караколдогу эмерек фабрикасын модернизациялоо долбоорун каржылоо боюнча макулдашууга кол койду.
Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, Ысык-Көл облусунда курула турган 9 миң чарчы метрден ашык аянтты ээлеген жаңы комплекстин ишке кириши компаниянын бардык мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүүгө, продукция чыгарууну 2,5-3 эсе көбөйтүүгө жана республикалык рынокко чыгууга шарт түзөт.
"РКӨФ тарабынан бөлүнгөн 570 миң доллар каражатка заманбап эки кабат имарат курулат. Анын ичинде өндүрүштүк линиялар, көргөзмө залдар, кеңселер жана кызматкерлер үчүн социалдык инфраструктура жайгашат. Мындай өндүрүшкө атаандаш болгон башка ишканалар дээрлик жокко эсе. Андыктан тез эле ички рынокту жаап, экспортко да чыга алат деп ишенем", — деген фонддун башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков.
Ал долбоор ишке ашса жалпы облустун экономикасына таасир этип, 150дөн ашык жаңы жумуш орундары түзүлө турганын кошумчалаган.