БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Беларуска расмий сапар менен барган министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев журналисттер үчүн билдирүү жасады.
Ал бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн күн тартиби кеңири болгонун белгилеген.
“Премьер-министр экөөбүз тар жана кеңейтилген курамда олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Эки тараптуу маселелердин толук комплексин талкуулап, негизгилерин аныктадык. Соода-экономикалык кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду. Жакынкы беш жылдын ичинде соода жүгүртүүнү 500 миллион долларга жеткирүү пландалууда. Жаңы долбоорлорду ишке киргизүүнү да макулдаштык. Өнөр жай кооперациясы — биздин негизги багыттардын бири. Продукцияларды биргелешип жыйноодо жана локализациялоодо, технология алмашууда жана толук интеграцияланган кошумча чынжырды түзүүдө зор келечек бар экенин көрүп турабыз”, — деди Касымалиев.
Ал ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтык да активдүү өнүгө баштаганын айтып, Кыргызстан кызыкдар болгон багыттарды санаган.
“Беларус билиминин сапатын эске алуу менен биз студенттерибиздин санын көбөйтүүгө кызыкдарбыз. Учурда өлкөнүн жогорку окуу жайларында 200гө жакын кыргызстандык билим алып жатат. Алар эки өлкө ортосундагы достуктун көпүрөсү болуп калат. Улуттук илимдер академияларынын ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүүгө, илимий кадрларды даярдоону кеңейтүүгө, Беларустун Улуттук илимдер академиясынын университетинде жаш окумуштуулардын квалификациясын жогорулатууга жана такшалмадан өтүүгө мүмкүндүк берүүчү Илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюуну биз өзгөчө кубаттайбыз. Туризмди дагы келечектүү багыт катары көрөбүз. Кыргызстан беларус досторун биздин тоолорду жана көлдөрдү, экотуризм маршруттарын жана спорттук иш-чаралар менен таанышууга чакырат. Өз кезегинде Беларустун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жарандарыбызга таанытууга даярбыз”, — деди өкмөт башчы.
Касымалиев Беларустун премьер-министри Александр Турчинди Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.