30-сентябрга карата аба ырайы

30-сентябрга караган түнү айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Шейшемби, 30-сентябрда, күндүз күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +18...+23, Талас аймагында +16...+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23...+28, Ысык-Көл өрөөнүндө +17...+22, Нарын жергесинде +15...+20 градус жылуу болот.
Борбор калаа Бишкекте түнкүсүн жамгыр жаап, күндүз ала булут каптап турат, күндүн табы +20...+22 градуска жетет. А эми Ош шаарында күн ачык болуп +25...+27 градуска чейин ысыйт.
Жаан карга айланып, үшүк жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты