Дүйнөлүк тсандартта автожолдор менен ташылган жүктөр эгер асфальтталган жолдо жүрсө наркы төрт эсеге чейин арзандары белгиленет. Бул абдан чоң көрсөткүч. Мындан сырткары жол куруу менен аймактардын байланышы жакшырат, туристтердин келишин шарттайт. Мына ушундай позитивдүү көрсөткүчтөр менен катар эле жол курууда да экономикага зыянын тийгизип алчу жагдайлар жок эмес. Албетте бул жерде биринчи эле кеп сапаты тууралуу болууда. Сапатсыз салынган жолдорго кеткен каражат өзүн актай электе эле талкаланып, өлкө казынасына олуттуу чыгым алып келиши ыктымал. Андыктан чет элдик эмес жергиликтүү компанияларды өстүрүү приоритеттүү багыттардын бири, дейт бүгүнкү биздин уктуруунун автору.