Комуз кыргыз элинин жан дүйнөсүнүн, тарыхынын, маданиятынын ажырагыс бөлүгү. Анткени анда чертилген күүлөр кыргыз баскан татаал ашууларды, ийгилигин-күйүтүн ичине камтып турат. Ошондуктан комузчулук кыргыз эли үчүн эң ардактуу кесиптердин бири. “Стимул” программасынын бул жолку коногу дал ушул сыймыктуу кесиптин ээси, комузчу, “Акак” комузчулар ансамблинин солисти, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын артисти Курманбек Жалил уулу.