Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Ысык-Көлдө Түп — Кеген жолу ачылып, аземге президент катыштыКыргызстандык кыз Алматыдагы жарым марафондо биринчи орунду ээледиКыргызстан менен Беларусь товар жүгүртүүнү $500 млн жеткирүүнү пландоодо.Алдыда кененирээкКыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Беларустун премьер-министри Александр Турчиндин кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Белгилей кетсек, учурда министрлер кабинетинин төрагасы Беларуста расмий жумуш сапары менен жүрөт. Адылбек Касымалиев Беларустун премьер-министри Александр Турчинге меймандостукта жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-беларус мамилелеринин негизинде салттуу достук, көп кылымдык байланыштар жана өткөн убакытта биргеликте жасалган баатырдык эскерүүлөр турганын кошумчалады. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосунда 50дөн ашуун эки тараптуу эл аралык келишимдер жана документтер түзүлгөн. Негизги документ болуп 2006-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Достук жана кызматташтык келишими саналат. МинКаб Төрагасы эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштар акыркы жылдары кыйла жанданганын белгиледи. Кыргызстандын маалыматы боюнча, өткөн жылы товар жүгүртүү болжол менен 133 млн долларды түзгөн.
Жалпы узундугу 52 чакырымды түзгөн Түп — Кеген автожолу заманбап стандарттарга ылайык курулуп, бүгүн ачылды. Түп районунда өткөн аземге президент Садыр Жапаров катышканын анын маалымат кызматы билдирди. Кабарга таянсак, жолдун 39-76-чакырымындагы тилке жана Каркыра — Турук — Сары-Жаз автожолунун 13 чакырымы да толук оңдоодон өткөн.Аталган жол Ысык-Көл облусу менен Казакстандын Алматы облусун жана Алматы шаарын байланыштырат. Анын курулушуна Дүйнөлүк банк колдоо көрсөткөн. "Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында жолду кыш мезгилинде тейлөөчү атайын жол техникаларын сатып алуу да каралган. Эми "жол азабы – көр азабы" эмес, алысты жакын кылган жол экени тастыкталат", — деп белгилеген өлкө башчысы. Жапаров 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин транспорт жана жол тармагына 102 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөнүн кошумчалаган.
2025-жылдын 1-октябрынан баштап жолдорго орнотулган аппараттык-программалык комплекстер кур тагынбаган айдоочулар менен жүргүнчүлөрдү автоматтык түрдө каттай баштайт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди. Бул чара "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында ишке ашырылууда жана фото жана видеобайкоо аркылуу жүргүзүлөт. "Урматтуу айдоочулар жана жүргүнчүлөр, өз өмүрүңүздөрдүн коопсуздугу үчүн унаага отурганда коопсуздук курун сөзсүз тагыныңыздар жана жол кыймылынын эрежелерин так сактаңыздар!",-деп айтылат маалыматта.Мекеме эскерткендей, курун такпоо да аппараттык-программалык комплекстер аркылуу катталган башка мыйзам бузуулар сыяктуу эле айып пулга алып келет.
Кыргызстандык спортчу Айнуска Калил кызы Алматы шаарында өткөн жарым марафондо биринчи орунду ээледи. Уюштуруучулар билдиргендей, жөө күлүк 21,1 чакырым аралыкты 1 саат 17 мүнөт 32 секундада басып өткөн.Эске салсак, былтыр кыргызстандык спортчу дал ушул аралыкта биринчи келген, бирок кийинчерээк төртүнчү болуп келген беларустук спортчу Светлана Куделичтин машыктыруучусу жана жолдошу арызданган. Натыйжада кыргызстандык спортчу дисквалификацияланып, беларустук спортчу финишке келген үч спортчунун катарына кирген. Куделич бул сапар экинчи келди.