Бишкектеги таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулуш иштери 70 пайызга бүткөрүлдү. Завод шаардагы таштанды көйгөйүн чечип, кошумча электр энергиясын өндүрүүнү камсыздайт. Суткасына 1500 тоннага чейин таштанды иштете алат жана андан 460 мегаваттка чейин электр энергиясы өндүрүлөт. Келечекте анын көлөмүн суткасына 3 миң тоннага жеткирүү пландалууда. Өндүрүлгөн электр энергиянын 60МВт заводдун өзүнө, калган 400 МВт жашоочуларга же сатыкка жумшалмакчы.
Бул завод Борбор Азия боюнча алгачкы жолу курулуп жатат. Ал эми заводдун экологияга тийгизген таасири жана анын кепилдиги кандай? Канча жаңы жумуш орундары пайда болот? Кайсы кесиптер талап кылынат? Азыркы тапта район боюнча таштанды чогултуу иштеринде кандай көйгөйлөр бар? Деги эле шаар тургундарынын таштандычогултуу, бөлүп салуу маданиятын кантип өстүрүү керек?
Ушул жана башка суроолорубузга "Ачык кеп" программасынын алкагында Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акими Улан Сарылбек уулунан жооп ала алдык.