Ысык-Көлдө студенттердин "Аракет мезгили" аталышындагы форуму өттүМосква, Киевден эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү баштоо боюнча эч кандай сүйлөшүүлөр жок экенин билдирди Кулубаев кыргызстандыктарга АКШга виза берүүнү жеңилдетүү маселесин көтөрдү. Алдыда кененирээкКыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Кристофер Ландау менен Нью-Йорк шаарында жолугушуп, Кыргызстандын жарандары үчүн визалык талаптарды жеңилдетүү маселесин көтөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Кабарга караганда, алар БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында жолугушкан. Тараптар саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сүйлөшкөнү белгиленген."Ошондой эле санкциялык, визалык жана миграциялык маселелер талкууланды. Министр Жээнбек Кулубаев санкцияларга карата тең салмактуу мамиле зарылдыгына жана Кыргызстандын жарандары үчүн визалык талаптарды жеңилдетүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду", — деп айтылат кабарда. Андан тышкары, кыргыз тарап АКШлык инвесторлорду жана жаңы технологияларды тартууга кызыкдарлыгын, бул үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин билдирген.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Караколдогу эмерек фабрикасын модернизациялоо долбоорун каржылоо боюнча макулдашууга кол койду. Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, Ысык-Көл облусунда курула турган 9 миң чарчы метрден ашык аянтты ээлеген жаңы комплекстин ишке кириши компаниянын бардык мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүүгө, продукция чыгарууну 2,5-3 эсе көбөйтүүгө жана республикалык рынокко чыгууга шарт түзөт. "РКӨФ тарабынан бөлүнгөн 570 миң доллар каражатка заманбап эки кабат имарат курулат. Анын ичинде өндүрүштүк линиялар, көргөзмө залдар, кеңселер жана кызматкерлер үчүн социалдык инфраструктура жайгашат", — деген фонддун башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков. Ал долбоор ишке ашса жалпы облустун экономикасына таасир этип, 150дөн ашык жаңы жумуш орундары түзүлө турганын кошумчалаган.
Ысык-Көлдө 26-28-сентябрь күндөрү "Аракет мезгили" аталышындагы студенттердин форуму өткөнүн "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюмунан билдиришти. Өлкөнүн бардык облустарынан келген 100дөн ашык студенттин катышуусу менен өткөн иш-чараны "Евразия" уюму, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги уюштурган. Форумдун башкы максаты жаш лидерлердин башын бириктирүү, жарандык демилгелерди өнүктүрүү жана студенттер менен мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосундагы алаканы бекемдөө болуп саналат. Үч күн ичинде катышуучулар жаштар саясаты багытындагы актуалдуу маселелерди талкуулап, мобилография, өзүн-өзү өнүктүрүү жана натыйжалуу коммуникация түзүү боюнча сабактарды алышкан.
Киев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү кайрадан баштоо тууралуу эч кандай белги бере элек. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. "Жок, азырынча Киевден эч кандай белги жок", — деген Песков журналисттердин тийиштүү суроолоруна жооп берип жатып. Ал Киев режими Москванын үч жумушчу топ түзүү боюнча сунушуна дагы жооп бере электигин кошумчалаган.Россия менен Украинанын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы 23-июлда Стамбулда өткөн. Тараптар оор жаракат алган жана оорулуу адамдарды алмашууну улантууну макулдашкан.Бирок сентябрда Россия сүйлөшүү процесси тынып турганын билдирди. Москва тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр экенин бир нече жолу айткан. Ошол эле учурда сүйлөшүүлөрдөн баш тарткан сайын Украинанын позициясы начарлай берерин баса белгилеген.