Өлкөдө көп балалуу жана тоолуу аймактарда жашаган аялдарга пенсияга эрте чыгууга мүмкүнчүлүк берүүчү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул мыйзам күчүнө кирсе, үч же андан көп бала төрөп, тарбиялаган аялдар эмгек стажы жок болсо да пенсия алууга укуктуу болушат. Бул тууралуу демилгечи, Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова айтып берди. Айтымында, мыйзамдын негизги максаты социалдык адилеттүүлүктү камсыздоо жана көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо болуп саналат. Ал эми азыркы тапта бул категориядагы жарандар пенсияга качан жана кандай шартта чыга алышары жөнүндө Социалдык фонддун коомчулук менен байланышуу башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов кенен токтолду. Ал ошондой эле пенсия системасынын түзүмү, жеңилдиктер жана санариптик кызматтардын ролу тууралуу кеңири маалымат берди.