Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун талкуулаштыМолдовадагы шайлоо: өлкө ичинде оппозиция жеңишке жеттиДеңиз аркылуу соода жүргүзүүгө багытталган мыйзам долбоору талкууга коюлдуКыргызстан деңиз аркылуу соода жүргүзүү үчүн мыйзамдарын жаңылап, эл аралык стандартка ылайыктап жатат. Бул боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Учурда Соода флотун түзүүгө багытталган иштерди улантуу максатында атайын кодекс иштелип чыгууда. Былтыр Кыргызстан Эл аралык деңиз уюмуна мүчө болгон. Бирок суу аркылуу соода жүргүзүү боюнча дүйнөлүк процесстерге кошулуу үчүн мыйзамдарды эл аралык нормаларга шайкеш иштеп чыгуу керек. Бул маселелердин баары аталган кодексте каралган. "Документ эл аралык стандарттарды ишке ашырууну камсыз кылууга шарт түзөт. Ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик желегинин алдында кемелерди каттоо үчүн юрисдикция катары ийкемдүүлүгүн, ылайык келишин арттырууга мүмкүндүк берет", — деп анын негиздеме документинде айтылган.
25–26-сентябрда Брюссель шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору боюнча үчүнчү жолу жолугушту. Өзбекстандын Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, жыйында долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси, айлана-чөйрөгө тийгизе турган таасиринин социалдык баалоосу, аткаруу жолдору жана эл аралык каржы уюмдары менен кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле октябрь–ноябрь айларында өтө турган кийинки жолугушууга даярдык көрүү маселеси каралды. Долбоордун алкагында 5,4 млрд кубометрлик суу сактагыч жана 1860 МВт кубаттуулуктагы гидроэлектростанция курулуп, жылына орточо 5,6 млрд кВт·саат электр энергиясы өндүрүлөт. Катышуучулар долбоорду Борбор Азияда энергетикалык коопсуздукту чыңдоого жана суу ресурстарын туура пайдаланууга багытталган маанилүү демилге катары белгилешти. Эске салсак, мындай форматтагы алгачкы жолугушуу 2025-жылдын январында Ташкентте, экинчиси май айында Дубайда өткөн.
Молдовадагы парламенттик шайлоодо өлкө ичинде оппозициялык партиялар жеңишке жетти. Бул БШКнын протоколдордун 98,42 пайызын санап бүткөндөн кийинки көрсөткүчү экенин РИА Новости жазды. Акыркы маалыматтарга караганда, бийликтин "Действие и солидарность" партиясы добуштардын 44,13 пайызына, оппозициялык блок 49,54 пайызына ээ болгон. Анткен менен чет өлкөдөгү участкалардан соңку көрсөткүч бериле элек. Алдын ала маалымат боюнча, бийликтин партиясы 49,70 пайыз алганы айтылууда. Ушундай эле көрүнүш Молдовада былтыркы президенттик шайлоодо болгон. Анда батышчыл Майя Санду менен Гагаузиядан чыккан экс-прокурор Александр Стояногло ат салышкан. Өлкө ичинде Стояногло добуштардын 51,19 пайызын, ал эми Санду 48,81 пайызын алган. Бирок чет жактагы участкалардан алынган бюллетендерди санай келгенде Санду 55,33, ал эми Стояногло 44,67 пайызына ээ болгон. Оппоизциялык партиялардын биринин лидери, экс-президент Игорь Додон алдын ала жыйынтык чыккандан кийин БШК имаратынын алдында башталган митингде оппозициянын жеңишин жарыялап, чет жактагы участкаларда шайлоонун жыйынтыгы бурмаланып жатканын билдирди. Ал 29-сентябрда Кишиневдо тынчтык акциясы өтөрүн айтып, бардык оппозициялык партияларды митингге катышууга чакырды.