Кыргызстан эт экспорту боюнча ЕАЭБде лидер боло алат – Эт багытындагы асыл тукум малды көбөйтүү иши кандай жүрүүдө?

Sputnik
Ошто эт-май багытындагы "Ала-Тоо" породасындагы койлордун эл аралык көргөзмөсү өтөт. Иш-чарага жакын жана алыскы өлкөлөрдөн келген коноктор, ошондой эле жергиликтүү фермерлер катышат. Көргөзмөнүн максаты жаңы породаны таанытуу жана мал чарбасын өнүктүрүү. Бүгүнкү “Күн башат" программасында дал ушул иш-чара жана "Ала-Тоо" породасындагы койлор ошондой эле жалпы асыл тукум мал багуу жана эт экспорту тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматына караштуу Асыл тукум мал чарбасын өнүктүктүрүү бөлүмүнүн бөлүм башчысы Асылбек Байдөлөтов жооп берди.