Алматыдагы жарым марафондо кыргызстандык Кеңешбеков биринчи келди

Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Казакстанда өткөн жарым марафондо кыргызстандык жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков биринчи келип, жаңы рекорд койду.
Спортчу 21,1 чакырымды 1 саат 2 мүнөт 44 секундада чуркап өтүп, Кыргызстандын быйылкы рекордун жаңылаган.
Мурдагы рекорд дагы Кеңешбековго таандык, анда убактысы 1 саат 2 мүнөт 48 секунд болгон. Аны Түркстандагы жарышта койгон.
Эске салсак, кыргызстандык спортчу үчүн жемиштүү болгон бул жарыш Казакстандын Алматы шаарында өттү.
Нурсултан Кеңешбеков жеңил атлетика боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болду