Апта ортосунда жамгыр жаайт. Бир жумага карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет 29-сентябрдан 5-октябрга чейин өлкө ичинде аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, келерки аптада жаан-чачындуу болушу ыктымал. Кээ бир тоолуу аймактарда кар жаашы да мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. Бишкекте 2-3-октябрь жаанчыл болот. Ал эми жуманын соңунда күн ачылат.
Чүй жана Талас облустары
29-30-сентябрда түнкүсүн айрым жерлерде жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. 30-сентбярда күндүз жана 1-октябрда күн ачык болот. 2-октябрда түнкүсүн кайрадан жаан-чачын башталып, 4-октябрга караган түнгө чейин мезгил-мезгили менен жаап турат. 4-октябрдын түнү жана 5-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы күндүз 15...20 градус жылуу болот.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары
29-30-сентябрда күн ачык болот. 30унда күндүз жана 1-октябрда жамгыр жаашы мүмкүн. 2-октябрда түнү жаан-чачын күтүлбөйт. 3-октябрда тоолуу райондорго, тоо этектерине кар түшүшү ыктымал. 4-5-октябрда күн ачык болот. Күндүз абанын температурасы +16 градустан 28 градуска чейин жетет.
Ысык-Көл жана Нарын облусу
Аталган аймактарда 29-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 30-сентябрда айрым жерлерде жамгыр төгүшү ыктымал. Тоолуу аймактарга кар түшүшү мүмкүн. 1-2-3-октябрда өрөөндөрдө мезгил-мезгили менен жаан жаай турганы маалымдалган. 4-октябрь түнү жамгыр басылып, 5-октябрда күн ачык болот. Күндүз абанын табы 10...21 градус жылуу болору күтүлүүдө.
Суук түшүп, үшүк жүрөт! Октябрга карата аба ырайы