БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстан деңиз аркылуу соода жүргүзүү үчүн мыйзамдарын жаңылап, эл аралык стандартка ылайыктап жатат. Бул боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Учурда Соода флотун түзүүгө багытталган иштерди улантуу максатында атайын кодекс иштелип чыгууда. Былтыр Кыргызстан Эл аралык деңиз уюмуна мүчө болгон. Бирок суу аркылуу соода жүргүзүү боюнча дүйнөлүк процесстерге кошулуу үчүн мыйзамдарды эл аралык нормаларга шайкеш иштеп чыгуу керек. Бул маселелердин баары аталган кодексте каралган.
Мыйзам деңиз аркылуу жүк ташуу, камсыздандыруу жана жүк ташуу үчүн транспорттордун акысын иретке келтирүүгө шарт түзөт. Ошондой эле башка өлкөлөрдүн кемелерин каттап, ошол мыйзамдар менен жүрүүгө шарттарды жаратып бере алышы мүмкүн.
"Документ эл аралык стандарттарды ишке ашырууну камсыз кылууга шарт түзөт. Ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик желегинин алдында кемелерди каттоо үчүн юрисдикция катары ийкемдүүлүгүн, ылайык келишин арттырууга мүмкүндүк берет", — деп анын негиздеме документинде айтылган.