Касымалиев расмий сапар менен Беларуска барды

Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев расмий сапар менен Беларуска барганын өкмөттөн маалымдашты.
Касымалиевди "Минск" улуттук аэропортунда өлкөнүн премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак тосуп алды. Аба майданга эки мамлекеттин туулары илинип, Ардак кароол тизилген.
Расмий сапардын алкагында Касымалиев президент Александр Лукашенко, премьер-министр Александр Турчин менен жолугат. 29-30-сентябрда Касымалиев КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына катышып, "Иннопром. Беларусь" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүндөгү пленардык жыйында сүйлөйт.
Кыргызстан менен Россия өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөштү