министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Барскоон — Бедел эл аралык автожолунда эң ири тоннелдердин курулушун баштап берди. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.Жолдун өзү августта башталып, курулушка президент Садыр Жапаров старт берген. Анда көпүрөлөрдү, кар көчкүдөн сактоочу галереяларды, таш кулоо жана сел коргоочу тосмолорду куруу каралган. Жалпы узундугу болжол менен 150 чакырымды түзөт. "Тоннелдер Сөөк жана Ашуу-Сай ашууларында салынат. Биринчисинин узундугу 5 340, экинчисиники 3 840 метрди түзөрү айтылды. Курулуш иштерине 287 адис жана 162 атайын техника тартылып, курулушчулар үчүн бардык шарты бар төрт лагерь түшкөн", — деп айтылат маалыматта. Барскоон – Бедел эл аралык автожолу өлкөнүн транспорттук байланышын өнүктүрүүдөгү негизги элементтердин бири экени белгиленди. Тоннелдердин курулушу убакытты үнөмдөөгө, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана Кыргызстанды аймактык транспорттук-логистикалык түйүн катары чыңдоого өбөлгө түзөт.
Памирдеги кыргыздарга колдоо көрсөтүү үчүн кайрымдуулук фонд түзүлүшү мүмкүн. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөрдү сунуштады. Анда Кичи жана Улуу Памирдеги кыргыздарга колдоо көрсөтүү боюнча программа ЖМКларда жарыялангандан кийин коомдук уюмдар, фонддор жана жарандар колдоо көрсөтүүгө кызыкдар экенин билдиришкен. Бирок гуманитардык жүктү ар бир уюмдун өз алдынча жеткирүүсү мүмкүн эмес. "Ушуга байланыштуу этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү кайрымдуулук фондун түзүү сунушталууда. Ал бардык уюмдардын атынан иш алып барып, гуманитардык жүктү Кыргызстан элинин атынан жөнөтмөкчү", — деп жазылат маалыматта. Министрлик учурда Памирде болжол менен 1300 этникалык кыргыз жашаарын кошумчалады.
Түндүк" тиркемесинде кыймылсыз мүлк боюнча кызматтар жеткиликтүү болду. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси кабарлады. Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттигинин филиалдарында жарандарды тейлөөдө кезек жана кыйынчылыктар катталып жаткандыктан, жаңы санариптик платформалар киргизилип жатканы белгиленген. "Кызмат" мекемеси "Түндүк" ишканасы менен тыгыз кызматташып, учурда тиркемеде кыймылсыз мүлк боюнча төмөнкү кызматтар онлайн жеткиликтүү болду. Алар: кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуну онлайн каттоо; кыймылсыз мүлктү онлайн камсыздандыруу; техникалык паспорт алуу үчүн документтерди электрондук форматта тапшыруу; кыймылсыз мүлк сатып алуу-сатуу келишимдерин онлайн каттоо.
Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркы Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү. Тиешелүү токтомду минкаб кабыл алды. Ага ылайык, мурда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу болгон Салкын-Төр жаратылыш паркы менен кошо анын мүлктүк комплекси жана кызматкерлери өткөрүлөт. Анткен менен эмгек акы шарттары өзгөрүүсүз сакталат. Мекемени кайра каттоо жана башка уюштуруучулук иштерди жүргүзүү да тапшырылды. Токтом 10 күндөн кийин күчүнө кирет.