Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Китептерди иштеп чыгууга жана басып чыгарууга 3 млрд сом каралат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында Адылбек Касымалиев билдирди. “Агартуу министрлиги – аймактарда бала бакчалар менен камсыздоо иши күчөтүлсүн, мугалимдерди персоналдык ноутбуктар менен камсыздоону аягына чыгарыңыздар. Китептерди иштеп чыгууга жана басып чыгарууга 3 млрд сом каржылоо жагы камсыз кылынсын. Жалпы мектептеги билим берүүнүн 12 жылдык окуу форматка өткөндүгүнө байланыштуу мугалимдердин квалификацияларын жогорулатуу боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлсүн", - деди ал. Жыйында мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу, мазмунун жаңылоо, ошону менен катар агартуу мекемелеринин имараттарынын абалын жакшыртуу жана мугалимдерге бардык ыңгайлуу шарттарды түзүү чараларын көрүүгө байланышкан протоколдук чечимдин долбоору министрлер кабинетинин мүчөлөрү тарабынан жактырылды. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 1997 (286 жеке менчик) бала бакчада 257 378 бала тарбияланууда. Ал эми мектептерде 1 млн 536 633 бала билим алууда.
2025-жылдын 25-сентябрына карата Кыргызстанда быйылкы бажы төлөмүсүз электромобил алып кирүү лимити толук колдонулду. ЕАЭБ Кеңешинин чечимине ылайык, жыл сайын белгиленген лимиттер: 2022-жылы — 5 000 унаа 2023-жылы — 10 000 унаа 2024-жылы — 10 000 унаа 2025-жылы — 10 000 унаа Быйылкы 10 миң унаа лимити толугу менен пайдаланылды! Эми лимит түгөнгөндүктөн, 2025-жылдын калган бөлүгүндө электромобил алып кирүүнү каалагандар төмөнкүлөрдү эске алышы керек: 15% көлөмүндөгү бажы төлөмүн төлөшөт — бул унаанын бажы баасынан эсептелет.
Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Минкабдын тиешелүү токтому 24-сентябрда кабыл алынды. Онлайн-кызматты пайдалануу үчүн жарандар "Бирдиктүү идентификация системасынан" өтүшү керек. Ошондой эле бир жыл ичинде алынган, медициналык кароодон өткөндүгүн тастыктаган электрондук документ талап кылынат (нарколог, психикалык ден соолук, көрүү). Күбөлүктү алмаштыруу үчүн арыз ээси онлайн-арыз берип, сүрөт идентификациядан өтүп, кызмат үчүн төлөмдү QR-код аркылуу төлөйт. Документ 1-2 иш күндүн ичинде даяр болот. Жаңы айдоочулук күбөлүк почта аркылуу жеткирилет же тиешелүү органдын бөлүмдөрүнөн алынат. Токтом расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет.
Бишкек менен Ош мэрияларында айрым кызматкерлердин айлыгынын үстөгү жана сый акысы жогорулайт. Белгилей кетсек, республикалык маанидеги шаарлардын мэрия кызматкерлеринин эмгек акысы боюнча өкмөттүн тиешелүү токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Эми мэриянын тейлөөчү жана кичи тейлөөчү кызматкерлеринин айлыгына 200 пайызга чейин үстөк кошууга болот. Ошондой эле жылына эки айлыктын чегинде жарым жылдык жана жылдык жыйынтыктар боюнча премияларды жана шаардык кеңеш тарабынан бекитилген башка төлөмдөрдү дайындаса болот. Анткен менен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин чегинде гана каржыланат. Токтом 23-сентябрда күчүнө кирди.