БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. "Түндүк" тиркемесинде кыймылсыз мүлк боюнча кызматтар жеткиликтүү болду. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси кабарлады.
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттигинин филиалдарында жарандарды тейлөөдө кезек жана кыйынчылыктар катталып жаткандыктан, жаңы санариптик платформалар киргизилип жатканы белгиленген.
"Кызмат" мекемеси "Түндүк" ишканасы менен тыгыз кызматташып, учурда тиркемеде кыймылсыз мүлк боюнча төмөнкү кызматтар онлайн жеткиликтүү болду. Алар:
кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуну онлайн каттоо;
кыймылсыз мүлктү онлайн камсыздандыруу;
техникалык паспорт алуу үчүн документтерди электрондук форматта тапшыруу;
кыймылсыз мүлк сатып алуу-сатуу келишимдерин онлайн каттоо.