Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштырууга болот

Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Минкабдын тиешелүү токтому 24-сентябрда кабыл алынды.
Онлайн-кызматты пайдалануу үчүн жарандар "Бирдиктүү идентификация системасынан" өтүшү керек. Ошондой эле бир жыл ичинде алынган, медициналык кароодон өткөндүгүн тастыктаган электрондук документ талап кылынат (нарколог, психикалык ден соолук, көрүү).
Күбөлүктү алмаштыруу үчүн арыз ээси онлайн-арыз берип, сүрөт идентификациядан өтүп, кызмат үчүн төлөмдү QR-код аркылуу төлөйт. Документ 1-2 иш күндүн ичинде даяр болот.
Жаңы айдоочулук күбөлүк почта аркылуу жеткирилет же тиешелүү органдын бөлүмдөрүнөн алынат.
Токтом расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет.
Айдоочулук күбөлүктү берүү, алмаштыруу мөөнөтүн кыскартуу сунушталууда