Манас шаарынын күнү эми 27-сентябрда белгиленет

Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары Манас шаарынын күнүн 27-сентябрда белгилөө сунушун колдошту.
Шаардык кеңешке бул датаны бекитүүнү калаа башчысы Эрнисбек Ормоков сунуштаган. Кийинки жылдан тарта Манас шаарынын күнү 27-сентябрда белгилене баштайт.
Белгилей кетсек, бүгүн Жалал-Абад шаарынын атын Манас деп өзгөртүү боюнча мыйзам күчүнө кирди. Президент документке 17-сентябрда кол койгон. Эреже боюнча, мыйзам президент кол койгондон 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаарынын күнү эки жылдан бери 26-октябрда белгиленип келген.
Ташиев Манас шаарынын аталышы, борбордун көчүрүлүшү, келечек тууралуу. Видеомаек