Мында кеп биргелешкен жана толук чет элдик компаниялар тууралуу болууда.
© Sputnik_Infographics
Дээрлик бардык тармакта россиялык капитал иштетилген ишкана бар. Төмөндө популярдуу багыттарды тизмектедик:
дүң жана чекене соода, автоунаа жана мотоцикл оңдоо — 1 129;
маалымат жана байланыш — 190;
профессионалдык, илимий жана техникалык ишмердүүлүк — 171;
кайра иштетүү өнөр жайы — 115;
транспорттук ишмердүүлүк жана жүк сактоо — 110.
Россия ушу тапта кыргыз экономикасына инвестиция салууну улантып жатат. РФ өкмөт төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун айтымында, былтыр Россиядан Кыргызстанга 200 миллион долларлык түз инвестиция келген, бул 2022-жылкыга салыштырмалуу 23 пайызга көп. Акыркы эки жылда Россиянын үлүшү бар компаниялардын саны 70 пайызга өстү.
Россиялык ишкерлердин Кыргызстанга кызыгуусу артып жатканын Статкомдун маалыматтары да тастыктайт. Ведомство 2021-жылдын башынан ушул жылдын августуна чейин Кыргызстанда чет элдик капиталдын үлүшү бар 2,3 миң компания ишке киргенин билдирди:
Россия — 1 053;
Кытай — 332;
Казакстан — 226;
Түркия — 124;
Буларусь — 70.
Беш мамлекеттин үчөө ЕАЭБге мүчө экенин белгилей кетүү керек. Бул биримдиктин артыкчылыгын далилдөөчү көрсөткүч болуп саналат.