Нарындагы Салкын-Төр жаратылыш паркы президенттин иш башкармалыгына өттү

Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркы Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү. Тиешелүү токтомду минкаб кабыл алды.
Ага ылайык, мурда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу болгон Салкын-Төр жаратылыш паркы менен кошо анын мүлктүк комплекси жана кызматкерлери (7 негизги жана 4 техникалык-тейлөөчү адис) өткөрүлөт.
Анткен менен эмгек акы шарттары өзгөрүүсүз сакталат. Мекемени кайра каттоо жана башка уюштуруучулук иштерди жүргүзүү да тапшырылды.
Токтом 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
Ысык-Көл, Нарында 792 миң гектар жерде "Ак илбирс" экологиялык коридору түзүлдү